АРАЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:47, 13 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАЛЫК– мааниси кандай объект үчүн аныкталып жаткандыгына көз каранды болгон геометриялык түшүнүк. Эки чекиттин арасындагы Аралык аларды туташтырган кесиндинин узундугу. Чекиттен түз сызыкка (же тегиздикке) чейинки Аралык – берилген чекиттен берилген түз сызыкка (тегиздикке) түшүрүлгөн перпендикулярдын кесиндисинин узундугу. Жарыш түз сызыктардын (тегиздиктердин) арасындагы Аралык – бул түз сызыктарга (тегиздиктерге) жүргүзүлгөн жалпы перпендикулярдын кесиндисинин узундугу.