АРАЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:23, 30 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАЛЫК– мааниси кандай объект үчүн аныкталып жаткандыгына көз каранды болгон геом.

түшүнүк. Эки чекиттин арасындагы А. аларды туташтырган кесиндинин узундугу. Чекиттен түз сызыкка (же тегиздикке) чейинки А. – берилген чекиттен берилген түз сызыкка (тегиздикке) түшүрүлгөн перпендикулярдын кесиндисинин узундугу. Жарыш түз сызыктардын (тегиздиктердин) арасындагы А. – бул түз сызыктарга (тегиздиктерге) жүргүзүлгөн жалпы перпендикулярдын кесиндисинин узундугу.