АРАЛИЯЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:11, 5 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАЛИЯЛАР (Araliaceae) – эки үлүштүү өсүм­дүктөр тукуму. Дарак, бадал, лианалар жана кээ бирлери көп жылдык чөп. Сөңгөгү тикендүү, чатырча гүлдөрү шыпыргы топ гүлдү пайда кылат. Жалбырагы жөнөкөй, сабагында кезектешип же тушташ жайгашкан. Мөмөсү жемиш сымал, айрымдары данектүү. Тукумдун 70тен ашык уруусу жана 850гө жакын түрү белгилүү. Алар тропик өлкөлөрүндө, негизинен Инди-Гималай аймагында, кээ бири Түндүк Америкада, Чыгыш Азиянын мелүүн райондорунда кездешет. Ийне жалбырактуу жана аралаш токойдо өсөт. Кээ бири кооздук жана дары-дармек үчүн да өстүрүлөт. Айрымынын жыгачы сары, наардуу, жеңил. Оңой жылмаланат. Сапаттуу болгондуктан эмерек жасоодо пайдаланылат. Кыргызстанда айрым түрлөрү оранжереяларда, үйдө кооздукка өстүрүлөт.

Э. Б. Капарова.