АРАЛИЯЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:09, 16 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАЛИЯЛАР (Araliaceae) – эки үлүштүү өсүм­дүктөр тукуму. Дарак, бадал, лиаиалар ж-а кээ бирлери көп жылдык чөп. Сөңгөгү тикендүү, чатырча гүлдөрү шыпыргы топ гүлдү пайда кылат. Жалбырагы жөнөкөй, сабагында кезектешип же тушташ жайгашкан. Мөмөсү жемиш сымал, айрымдары данектүү. Тукумдун 70тен ашык уруусу ж-а 850гө жакын түрү белгилүү. Алар тропик өлкөлөрүндө, негизинен Инди-Гималай аймагында, кээ бири Түн. Америкада, Чыгыш Азиянын мелүүн р-ндорунда кездешет. Ийне жалбырактуу ж-а аралаш токойдо өсөт. Кээ бири кооздук ж-а дары-дармек үчүн да өстүрүлөт. Айрымынын жыгачы сары, наардуу, жеңил. Оңой жылмаланат. Сапаттуу болгондуктан эмерек жасоодо пайдаланылат. Кыргызстанда айрым түрлөрү оранжереяларда, үйдө кооздукка өстүрүлөт.

Э. Б. Капарова.