АРАЛБАЕВ Туратбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:31, 17 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАЛБАЕВ Туралы (1935-ж. т., Жалал-Абад обл., Токтогул р-ну, Толук кыш.) – хирург, ме­дицина илимд. доктору (1986), проф. (1987). КММИни (1959) бүтүргөн. КММИнин госпиталдык хирургия кафедрасында ассистент, доцент, проф. болуп иштеген. 1999-жылдан УХБунда орр­динатура, аспирантура ж-а докторантура бөлүмүнүн башчысы. КРдин эмг. сиң. врачы (1997). Ил. иштери бийик тоо шартындагы күйүк ж-а үшүк алууну дарылоого арналган. Эмг.: Ожоговая болезнь в горах и при горной деадаптации (в соавторстве). Б.: 1991.