АРАЛБАЕВ Абдылда

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:21, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАЛБАЕВ Абдылда (1891, Нарын аймагы, Куланак айылы – 1968, Нарын обл., Тянь-Шань р-ну, Куланак айылы) – педагог. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1941). Токмоктогу мугалимдердин даярдоо курсун бүтүргөн (1918). 1918–55-ж. Куланак орто мектебинде башталгыч класстарга сабак берген. А. Аралбаев кыргыз мектептеринин 2-класстары үчүн «Эне тили» окуу китебине авторлош. Эл агартуу ишине сиңирген эмгеги үчүн эки жолу Ленин ордени менен сыйланган.