АРАЛАШ ТОКОЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:20, 5 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАЛАШ ТОКОЙ – ар түрдүү тукумдагы, көбүнчө ийне жана жазы жалбырактуу дарактар өсүүчү аймак. Ал мелүүн алкактардагы ийне, жазы жалбырактуу, тропиктердеги дайыма жашыл жана жалбырагы күбүлмө, субтропиктердеги лавр жана ийне жалбырактуу жана башка болуп бөлүнөт. Анда кайсынысы басымдуу болсо, ал негизгиси болуп, ал эми калганы аралаш дарактарды түзөт. Табигый Аралаш токой көп кездешет, атайы өстүрүлгөн токойлор да бар.