АРАЛАШ ТОКОЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:44, 13 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАЛАШ ТОКОЙ – ар түрдүү тукумдагы, көбүнчө ийне жана жазы жалбырактуу дарактар өсүүчү аймак. Ал мелүүн алкактардагы ийне, жазы жалбырактуу, тропиктердеги дайыма жашыл жана жалбырагы күбүлмө, субтропиктердеги лавр жана ийне жалбырактуу ж. б. болуп бөлүнөт. Анда кайсынысы басымдуу болсо, ал негизгиси болуп, ал эми калганы аралаш дарактарды түзөт. Табигый Аралаш токой көп кездешет, атайы өстүрүлгөн токойлор да бар.