АРАЛАШ ТОКОЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:57, 16 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАЛАШ ТОКОЙ – ар түрдүү тукумдагы, көбүнчө ийне ж-а жазы жалбырактуу дарактар өсүүчү аймак. Ал мелүүн алкактардагы ийне, жазы жалбырактуу, тропиктердеги дайыма жашыл ж-а жалбырагы күбүлмө, субтропиктердеги лавр ж-а ийне жалбырактуу ж. б. болуп бөлүнөт. Анда кайсынысы басымдуу болсо, ал негизгиси болуп, ал эми калганы аралаш дарактарды түзөт. Табигый А. т. көп кездешет, атайы өстүрүлгөн токойлор да бар.