АРАЛ кыштагы Түп

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:11, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАЛ – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы кыштак. Арал айыл округунун борбору. Райондун борбору Түп кыштагынан 18 км чыгыш тарапта. Облустун борбору Каракол шаарынан 43 км, Балыкчы темир жол бекетинен 212 км. 1922-жылы отурукташкан. Деңиз деңгээлинен 1659 м бийиктикте. Калкы 2030 (2022); негизинен мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.