АРАЛ кыштагы Түп

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:15, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАЛ – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы кыштак. Арал айыл округунун борбору. Райондун борбору Түп кыштагынан 18 км чыгыш тарапта. Облустун борбору Каракол шаарынан 43 км, Балыкчы темир жол бекетинен 212 км. 1922-ж. отурукташкан. Деңиз деңгээлинен 1659 м бийиктикте. Калкы 1526 (2009); негизинен мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.