АРАЛ кыштагы Токтогул району

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:36, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Begay (Begay moved page АРАЛ 6 to АРАЛ кыштагы Токтогул району) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАЛ– Жалал-Абад обл-нун Токтогул р-ндагы кыштак. Жаңы-Жол айыл аймагына караш­туу. Жалабек тоосунун түн. этегинде, Бала-Чычкан жана Чоң-Чычкан сууларынын ортосундагы аралда, деңиз деңг. 1020 м бийиктикте жайгаш­кан. Райондун борбору Токтогул ш-нан 5 км батыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекети­нен 189 км. 1936-ж. отурукташкан. Калкы 1121 (2009); негизинен мал чарбасында, дыйканчы­лыкта (тоют өсүмдүктөрүн даярдоодо) эмгекте­нет. Орто мектеп, ФАП, китепкана бар.