АРАЛ кыштагы Талас району

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:56, 5 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАЛ – Талас районундагы кыштак. Арал айыл округунун борбору. Райондун борбору Көк-Ой кыштагынан 55 км чыгыш тарапта, Маймак темир жол бекетинен 150 км аралыкта жайгашкан. 1929-жылы орношкон. Деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктикте. Калкы 5 243 (2022); негизи­нен мал чарбасы жана дыйканчылыкта эмгекте­нет. Эки орто мектеп, дарыкана, амбулатория, клуб, 2 китепкана, турмуш-тиричилик комбина­тынын бөлүмдөрү бар.