АРАЛ кыштагы Талас району

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:12, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАЛ – Талас районундагы кыштак. Арал айыл округунун борбору. Райондун борбору Көк-Ой кыштагынан 55 км чыгыш тарапта, Маймак темир жол бекетинен 150 км аралыкта жайгашкан. 1929-ж. орношкон. Деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктикте. Калкы 5 243 (2022); негизи­нен мал чарбасы жана дыйканчылыкта эмгекте­нет. Эки орто мектеп, дарыкана, амбулатория, клуб, 2 китепкана, турмуш-тиричилик комбина­тынын бөлүмдөрү бар.