АРАЛ кыштагы Манас району

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Талас обл-нун Манас р-ндагы кыштак.

Кайынды айыл округунун борбору. Райондун борбору Покровка кыш-нан 16 км, Жамбыл темир жол бекетинен 86 км. Деңиз деңг. 1118 м бийиктикте жайгашкан. 1928-ж. отурукташкан. Калкы 1457 (2009); негизинен мал чарбасында ж-а дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, өспүрүмдөрдүн спорт мектеби, белгилүү Кыргыз эл акыны Алымкул Үсөнбаевдин фольклордукэтногр. музейи, китепкана, мад-т үйү, автоматташтырылган телефон станциясы, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, мончо, кыш
з-ду, айылга жакын гранит кенинин карьери бар.