АРАЛ кыштагы (Ноокен)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:10, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАЛ – Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы кыштак. Арал айыл аймагына караштуу. Ж о г о р к у А р а л жана Т ө м ө н к ү А р а л айылдарынан турат. Деңиз деңгээлинен 620 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Масы кыштагынан 8 км түштүк-чыгыш тарапта, облустун борбору жана темир жол бекети Жалал-Абад шаарынан 48 км. Калкы 1 946 (2022); негизинен пахтачылыкта, дан өсүмдүктөрүн жана жашылча өстүрүүдө эмгектенет. Негизги мектеп, кесиптик техникалык окуу жайы, амбулатория, маданият үйү, мечит, 2 тегирмен, май жуаз, стадион бар. Дыйканчылык жана жеке чарба уюшулган.