АРАЛ кыштагы, Тогуз-Торо району

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:10, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАЛ – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда­гы кыштак. Атай айыл округуна караштуу.

Колбор суусунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 1359 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Казарман кыштагынан 18 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 428 км. Калкы 2379 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, маданият үйү, китепкана, оорукана бар.