АРАЛ кыштагы, Тогуз-Торо району

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:02, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАЛ – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда­гы кыштак. Атай айыл округуна караштуу.

Колбор суусунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 1359 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Казарман кыштагынан 18 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 428 км. Калкы 1611 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, маданият үйү, китепкана, оорукана бар.