АРАКЕТ белгиси

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:07, 15 Июль (Теке) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
у к у к т а – коомго коркунучтуу кылмыштын объективдүү белгилеринин бири. Кылмыштын объективдүү жагы эки түрдө болот: коомго коркунучтуу А. ж-а коомго коркунуч­туу А-сиздик. Коомго коркунучтуу А. адамдын активдүү, өз эрки ж-а аң-сезимдүү аракетинен келип чыгат ж-а алар үч түргө бөлүнөт: 1) күч
колдонуу аркылуу, мис., киши өлтүрүү зордуктоо; террордук ж. б.; 2) жазуу түрүндө, мис., кызматтык жасалма, жалган документтерди жасоо ж. б.; 3) сөз түрүндөгүсү. Адамдар тарабынан айтылган сөз кылмыштын объек­тивдүү жагын камтыйт, мис., ушактоо, мазактоо. Коомго коркунучтуу аракет адамдын
жүрүм-турумунун бир эле кыймылын же ушундай эле кыймылынын бир нечесин камтыйт,
к. Аракетсиздик.
К. Бодобоев, К. Курманов.