АРАКЕТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:50, 30 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАКЕТ, м е х а н и к а д а – системанын динамикасын толук аныктоочу физ. чоңдук. Меха­никада А. системанын абалын мүнөздөгөн өзгөрмө чоңдуктардын функциясы катары аныкталат. Система А-инин негизги касиети анын эки абалынын арасындагы системанын мүмкүн болгон кыймылынын кээ бир жыйнагы каралса, анда системанын чыныгы кыймылы мүмкүн болгон кыймылдан айырмаланат. Бул мех. системанын кыймылынын теңдемесин туюнтууга ж-а бул кыймылды үйрөнүүгө мүм­күндүк берет. А. түшүнүгү классикалык механикадан тышкары серпилгичтүүлүк теориясында, электр-динамикада, термод. кайтарылма процесстерде, кийинки учурда теориялык физиканын талаа теориясын түзүүдө физ. чондук ка­тары колдонулат. Ал эми динамикалык тендемелер болсо механиканын вариациялык принцибинен чыгарылат. Квант теориясында А-тин өлчөмдүүлүгү бар физ. чоңдуктар дискреттүү маанилерди гана алышы мүмкүн. Квант теория­сында системанын абалы гильберт мейкиндигинин векторлору м-н берилет, ал эми динами­калык өзгөрмөлөр катары операторлор колдо­нулат.