АРАГОНИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:54, 29 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАГОНИТ (Испаниядагы Арагон деген жердин атынан) – карбонаттар классындагы минерал. Хим. формуласы Са[С03]. Ромб сингониясында кристаллданат. Жер бетиндеги геол. тышкы процесстерге туруксуз келип, кальцит минералына өтүп кетет. Өңү түссүз ак, кээде ачык жа­шыл, кызгылтым көк. Айнек сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 3,5-4. С. салмагы 2,95. Интрузия тоо тектеринин минералдарында ж-а минералдуу арашан сууларынын чөкмөлөрүндө кезигет. Өңү кубулган берметтер м-н акактардын көпчүлүк бөлүгү А. турат.