АРАГОН Луи

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАГОН Луи (3. 10. 1897, Париж – 10. 6. 1982,ошол эле жерде) – француз жазуучусу, коомдук ишмер, эл аралык Лениндик сыйл. лауреаты (1957). Лицейде, андан соң Париж мед. ин-тун-да (1915) окуган. 1-дүйнөлүк согушка (1917) катышкан. Алгачкы ырларында өзү жашаган доорду сындап жазган. Сюрреалист акын ката­ры чыккан. «Фейерверк» (1920), «Ура, Урал», «Жүрөктөгү канжар» (1934), «Эльзанын жанары» (1942), «Паноптикум» (1943) ыр жыйнактары, көптөгөн поэмалары («Кызыл майдан», «Бүтпөгөн роман», «Эльзага», «Акындар»), «Накта өлүм» (1949), «Калк кайраты ташыган жума» (1958) романдар топтомдору жана «Анри Матис», «Театр-роман» (1974) ж. б. романдары,публ. чыгармалар жыйнагы жарык көргөн. Жазуучунун эстетикалык позициясы «Чыныгы дүйнө» романында ачык байкалат. Ал Ч. Айтматовдун «Жамийла» повестине «Сүйүү жөнүндө эң сонун баян» деген пикирин айткан.