АРАГАЦ ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:29, 5 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАГАЦ ЧОКУСУ (түрк тилдеринде – А р а г ё з) – Армян тайпак тоосунун эң бийик жери, Армениянын аймагында. Бийиктиги 4090 м. Кратери мөңгү циркине айланган өчкөн жанар тоо. Чакан мөңгүлөрү бар. Тоолуу жайыт. Түштүк капталында Бюрокан астрофизика обсерваториясы жайгашкан. Орто кылымдагы Анберд чебинин калдыгы бар.