АРАБЕСКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:18, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАБЕСКА (итал. arabesko – арабча) – 1) с ү р ө т т ө мусулман өлкөлөрүнүн орто кылым искусствосунда калыптанган оймо-чийменин европалык аталышы.­

Файл:АРАБЕСКА 26.png

Геом., өсүмдүк же эпиграф мотивдери улам өнүктүрүлүп, жыш оймо-чийменин бир түрдүү формаларынын улам кайталана бериши менен өзгөчөлөнөт. Арабеска колдонулуп мечиттин дубалы, куполдун беттери кызыл-тазыл кооздолот; 2) м у з ы к а д а – фортепьяно үчүн жазылган обонго бай чакан музыкалык пьеса. Р. Шумандын, Н. Гаденин, А. С. Аренскийдин, А. К. Лядовдун, Н. К. Метнердин, К. Дебюссинин ж. б. арабескалары белгилүү.