АРАБ ИСКУССТВОСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:03, 20 Июль (Теке) 2023 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАБ ИСКУССТВОСУ – материалдык маданиятта, искусстводо, айрыкча архитектура жана көркөм кол өнөрчүлүктө жаратылган чыгармалар топтому. Маданияттын бул тармактары боюнча арабдар көп элдердин тажрыйбаларын өздөштүрүшкөн. Ошондуктан архитектурасы менен искусствосу чоң өзгөчөлүккө ээ. Архитектурасы өркүндөп, жаңы үлгүдөгү үйлөр, мечиттер, медреселер, мунаралар салынган. 7-кылымдын 1-жарымында Басрада (635), Куфта (638),Фустатта (640) курулган мечиттер

алгачкы араб искусствосуна таандык. Мындай мечиттер Дамаскинин борборунда да жергиликтүү эллинисттик жана сиро-византиялык архитектуралык ­

Файл:АРАБ ИСКУССТВОСУ 29.png
Мохаммад Алинин мечитиндеги жуунуучу фонтан.

салт боюнча курулган жана көп түстүү мозаикалар менен жасалгаланып, аларга архитектуралык мыкты пейзаждар киргизилген. Араб архитектурасы айрыкча 10–15-кылымдарда Магрибде жана Испанияда гүлдөп, өнүккөн. Ири шаарларда (Рабат, Марракеш, Фест жана башка) мунаралуу коргондор, имараттар, Гранадада араб­

Файл:АРАБ ИСКУССТВОСУ 30.png
Мечиттин чамгарагынын араб оймо-чиймелери менен кооздолгон ички көрүнүшү.

архитектурасынын жана көркөм өнөр искусствосунун шедеври – Альгамбра двореци курулат (13–15-кылымдар). Колонналык типте салынган монументалдуу курулуштар араб өлкөлөрүндө көп убактарга чейин сакталган (мечит­тер: Каирде 9-кылым, Ибн Тулун; Рабатта, Хасан жана Марракеште Кутубия, 19-кылым; Алжирде Чоң мечит, 11-кылым, жана башка) жана Иран, Кавказ, Орто Азия, Индия өлкөлөрүнүн архитектурасына таасирин тийгизген. Арабдардын архитектуралык курулушунда фатимиддик Каир мектеби белгилүү болгон (969-жл). Аксарайлардын, «кербен сарайлардын», мончолордун, күркөлөрдүн, турак-жайлардын, мечиттердин имараттарын таштан чегип (аль-Хаким, аль-Азхар, Аль-Акмар жана ас-Салих-Талан), араб тамгалары менен кооздоп, жасалгалашкан. Байыркы чыгыш мотивиндеги математикалык түзүлүштөгү сүрөттүн фантазиясына карата оймо-чиймелерди колдонушкан.