АРАБ ЖАЗУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:22, 12 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАБ ЖАЗУУСУ– Батыш Азияда жана Түндүк Африкада кеңири тараган жазуунун бир түрү.

Биздин эранын 4-кылымына чейин Аравияда арамей жазуусунун негизинде пайда болгон. 28 тамгадан турат, анын ичинде 3 тамга үндүү, калганы үнсүз. Тамгалары өз алдынча турушуна, сөз башында, сөз ортосунда же сөз аягында келишине жараша эки же

төрт түрдүү форма­

да оңдон солду карай жазылып жана окулат. Араб жазуусу латын алфавитине өткөнгө чейин СССРдеги түрк элдеринде колдонулган. Мындан сырткары, Индонезия, Иран, Афганстан, Түркия, Малайзия өңдүү өлкөлөр да пайдаланышат.