АРА-БЕЛ-СУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:42, 29 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРА-БЕЛ-СУУ– Ички Теңир-Тоодогу суу, ЖаакТаш (Тарагай) суусунун (Чоң Нарындын алабы) оң курамы. Уз. 61 км, алабынын аянты 750 км1. Тескей Ала-Тоонун түш. капталындагы мөңгү­лөрдөн башталып, батыштан чыгышка Ара-Бел өрөөнү (сырт) аркылуу агат. Куймалары: Май-Төр, Эгиз-Төр, Сөөк, Кашка-Суу, Чоң -Төр, Ит-Тиш. Июнь айында кирип, сентябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 4,75 5 м3/сек.