АР-НАМЫС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:07, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АР-НАМЫС– адамдын эл жана коом алдында өз кылганы үчүн моралдык жоопкерчилигин сезип, ойлогону менен кылганын адамгерчилик абийири менен баалай билишин туюндурган коомдук-этикалык категория. Бул абийир, уят деген түшүнүктөргө маанилеш. Ар-намыс – адамдын жүрүш-турушун, турпатын баалай турган өтө маанилүү моралдык касиет, нравалык фактор. Моралдык нормалар менен эрежелерди, коомдук парзды аткаруу Ар-намыска байланыштуу. Коомдук максат менен мүдөө – Ар-намыстын негизи. Керт баштын мүдөөсүн коомдук мүдөөгө баш ийдирип, коомдук мүдөөнү жогору коё билүү Ар-намыстуулуктун эң мыкты көрүнүшү болот. Кимдин Ар-намысы кандай экенин эл баалайт. Адамдын адамдык сапаты Ар-намыстын тазалыгынан көрүнөт.