АПШЕРОН ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:06, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПШЕРОН ЖАРЫМ АРАЛЫ (фарсы тилинде аб – суу, ширин — туздуу) Каспий деңизинин батыш жээгинде, Азербайжандын аймагында. Узундугу 60 кмге жана туурасы 30 кмге чейин, чы­гыш чети Шахов саяңы аталат. Баткактуу дөбөлөр жана туюк чуңкурдуктары бар күдүрлүү түздүк. Шор жерлер, туздуу көлдөр, нефть жана газ кендери бар. Эфемерлүү жарым чөл өсүмдүктөрү басымдуу (кышында да вегетация жүрөт). Түштүк жээгинде Баку шаары, түндүгүндө Апшерон курорттор тобу жайгашкан.