АППЛИКАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:06, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АППЛИКАЦИЯ (лат. applicatio – чаптоо) – кездемеге же кагазга түрдүү түстөгү кесинди чүпүрөктөрдү чаптоо же тигүү аркылуу түшүрүлгөн көркөм сүрөт;

ушундай жол менен тартылган сүрөт сайма. Аппликация кийим ж. б. буюмдарды кооздоо үчүн да колдонулуп келген, көп элдерде азыр да кезигет. Мектепте негизинен башталгыч класстарда эне тили, орус тили, математика жана сүрөт сабактарында, жогорку класстарда тарых жана география сабактарында өтүлүүчү айрым окуу материалдарынын мазмунун конкреттештирүү максатында пайдаланылат. Көрсөтмө курал катары мектепте колдонулуучу аппликациялар адатта колдо жасалат.