АППЕТИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(лат. appetitus – табит ачылуу) –

адамдын тамак ичүүнү каалоо сезими. Көпкө тамак ичпесе ачкалык сезими байкалат. А. борбордук нерв системасынын белгилүү бөлүгүнүн козголуусунун натыйжасында пайда болуп, шилекей, тамак сиңирүү маңызынын бөлүнүп чыгуусун, карын, ичеги кыймылын күчөтүп, та­мак сиңирүү органдарын тамакты кабыл алууга даярдайт. Даамдуу даярдалган тамак, анын көрүнүшү, жыты, дасторкондун кооз даярдалышы А-ти күчөтөт. Тескерисинче тамактын жагымсыз жыты, түрү аны начарлатып, тамак сиңирүү органдарынын ишине терс таасир тийгизет. Тамактануу эрежесин туура сактаган адамдардын организми тамак сиңирүүчү манызды белгилүү мезгилде ж-а өлчөмдө бөлүп чыгарууга ыңгайланат. Тамактануу эрежесин бузуу, тамактануу мезгилинде ар кандай алагды кылуучу факторлор А-тин бузулушуна, ичеги-карын жолунун ж-а зат алмашуунун ооруларына алып келет.