АППЕРЦЕПЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(лат. adperceptio – кабылдоо) – кабылдоонун аңдалгандыгын ж-а байланышын, о. эле жаңы түшүнүктү өткөн тажрый­ба м-н бириктирүү процессии туюнтуучу филос.

ж-а психол. түшүнүк. А. термини Г. В. Лейбниц тарабынан киргизилген. Ал аң сезимдүү ж-а активдүү кабылдоону перцепциядан (аңдоосуз кабылдоо) айырмалап, А. деп атаган. Кийин А. табияттын өзгөрүүсүн ж-а аң сезимдин биримдигин түшүндүрүүдө колдонулуп калган. Канттын философиясында А. өзүн өзү аңдоону мүнөздөйт. И. Герберттин психологиясында А. кабыл­доонун – жалпы эле жаңы нерсени өздөштүрүүдө өткөндөгү тажрыйбага көз каранды экендигин билдирет. В. Вундттун пикири б-ча, А-ны адам­дын рухий дүйнөсүнүн чыгармачылык күчүнүн негизин түзгөн аң-сезимдин бардык активдүү процесстери – ыкылас, эрк, кыялдануу, акылэсти аң-сезимдин иштөө принциби катары санайт. Психологияда учурда А. түшүнүгү колдонулбаганына карабастан, инсандын кабылдоосу турмуштук тажрыйбадан көз карандылыгы айрым учурда ушул термин м-н белгиленет.