АПОФИЗА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:50, 12 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПОФИЗА (гр. apophysis – бутак) – жанаша жаткан тоотектердин арасына магмалык тулкудан бутакча болуп тараган ичке тарамдар. Магмалык тулку менен Апофизанын байланышы түздөн-түз байкалып, курамы боюнча ага тектеш келет, бирок ал майда кристалдуу же порфирлүү структуралык түзүлүштөрү менен айырмаланат. Негиз­ги кенташ тарамдарынан тараган майда тарамчалар да кээде Апофиза деп аталат.