АПОСТРОФ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:02, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПОСТРОФ (гр. apostrophes – бир жагына же артына багытталган) – 1) кээ бир чет тилдеринде энчилүү аттардын жазылышында (мис., Д'Обиньи, О'Коннор); 2) жазууда түшүрүп коюуга боло турган тамгалардын ордуна (мис., объект – об'ект); 3) редукцияланып таптакыр түшүп калган үндүү тыбышты транскрипциялоо үчүн колдонулуучу үтүр сыяктуу белги.