АПОЛОГЕТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:32, 29 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПОЛОГЕТИКА (гр. apologeticos – корголуучу) – христиандык окуунун негизги жоболорун ага каршы, диний философиядан коргоо ж-а актоо. Ал Кудайдын бар экендигин, жандын өлбөстүгүн түшүндүрүүгө аракеттенген окуу. О. эле динге ж-а анын айрым догмаларына каршы багытталган көз караштарды талдоо. Апологеттер публицист, жазуучу, юрист ж-а чечендик өнөрдүн устаттары катары, грек философиясын христианчылыктын кызыкчылыктарына пайдаланууга аракет кылган алгачкы ойчулдардан болушкан.