АПОЛОГЕТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:57, 13 Июль (Теке) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(гр. apologeticos – корголуучу) – христиандык окуунун негизги жоболорун ага каршы, диний философиядан коргоо ж-а актоо. Ал Кудайдын бар экендигин, жандын өлбөстүгүн түшүндүрүүгө аракеттенген окуу. О. эле динге ж-а анын айрым догмаларына каршы багытталган көз караштарды талдоо. Апологеттер публицист, жазуучу, юрист ж-а чечендик өнөрдүн устаттары катары, грек философиясын христианчылыктын кызыкчылыктарына пайдаланууга аракет кылган алгачкы ойчулдардан
болушкан.