АПЛОДИСМЕНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПЛОДИСМЕНТ (лат. applaudo – кол чабам) – колдоо көрсөтүү, сүрөөн, салам айтуу белгиси. Театрда – көрүүчүлөрдүн сахнада аткарылып жатканды колдоо катары кол чабуусу, ошондой эле акттын соңунда актёрлорду сахнага чакыруу. Байыркы Римде эле аплодисменттин ар кандай мааниси бар, иштетилген системасы болгон. Аплодисмент азыркыга чейин өз маанисин жогото элек.