АПЛИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:23, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПЛИТ (гр. haploos – жөнөкөй) – тарамдар түрүндө кезигүүчү, ачык түстүү магмалык тоо тек. А. гранит менен тектеш, көбүнчө талая шпатынан (65%) ж-a кварцтан (30%) турат, слюда, күңүрт түстөгү минералдар курамында эң аз. Акцессор минералдарынан гранат, циркон, тур­малин, апатит, ортит кездешет. Структурасы өтө майда бүртүкчөлүү. А-тин айрым түрлөрү кера­мика өндүрүшүндө колдонулат.