АПИС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 4 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПИС– байыркы Египеттеги «касиеттүү» бука. Птаха кудайынын жаны катары эсептелген. Кийин Осирис жанa Ра кудайлары менен байланыштырылган мифтер кездешет. Биздин заманга чейин 3-миң жылдыкта түшүмдүүлүктүн пири катары сыйынышкан. Ал көп малдын ичинен өзгөчө белгилери боюнча тандалып, өзүнчө багылган. Диний жөрөлгөлөрдү аткарууда пайдаланылып, өлгөндөн кийин аны ардактап көмүшкөн (Мемфистин жанындагы Серапеум катакомбасынан 64 му­мия табылган).