АПИЙИМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (Papaver) -

өсүмдүктөрдүн апийимдер тукумундагы бир ж-а көп жылдык сүттүү өсүмдүк. 100дөн ашык түрү белгилүү, КМШ өлкөлөрүндө ЗОдан ашык, Кыргнда 9дай түрү кездешет. Сабагы тик, бийикт. 80-150 см, бутактанбайт, сыртынан бозомтук болуп турат. Тамыры жерге

терең кирип өсөт. Ка­

Файл:АПИЙИМ 14.png

нат сымал кесилген жалбырагы кезектепшп жайгашкан. Айрымдары 1ден 20га чейин богок байлайт, чоң гүлү жалгыздан, ак, кызыл, көгүш. Мөмөсү- кутуча, уругу майда, анда 48–50% май, 20% белок, быша элек кутусун кескенде чыккан сүтүндө 20дан ашык алкалоид, а. и. мор­фин, кодеин ж. б. бар. Анын пайдаланышына жараша бардык сорттору эки топко – май ж-а дары-дармек алынуучу болуп бөлүнөт. Уругу кондитер өнөр жайында колдонулат. Анын ооруну басаңдатуучу дары алынуучу түрүн Кырг-нда өстүрүүгө БУУнун конвенциясы 1961, 1971, 1988-ж. тыюу салган.