АПИА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:04, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПИА – Самоа Батыш мамлекетинин борбору жана жалгыз шаары. Тынч океандагы Уполу аралынын түндүк жээгинде жайгашкан. Өлкөнүн тышкы соода порту. Калкы 36,4 миң (2010). Тынч океанды кесип өткөн деңиз жолдор тоому. Кемелер токтоочу жай. Эл аралык аэропорту бар. Европалыктар келгенге чейин (1830) кичинекей кыштак болгон. Порт негизделгенден баштап тез темп менен өнүгө баштаган. Германиянын ээлиги мезгилинде администрация борбору (1899), көз карандысыздыкка ээ болгондон (1962) борбор. 1890-жылдан 1894-жылга чейин шотландиялык жазуучу Р. Л. Стивенсон (Вайлимада жазуучунун күмбөзү, үй-музейи бар) жашаган. Улуттук университет (1984-жылдан), Түштүк-Тынч океан университетинин (1977) карамагында айыл чарба мектеби бар, автомобиль кураштыруу заводу иштейт. Сыртка копра, банан, какао чыгарат.