АПААТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:07, 28 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПААТ, алаамат – адамзатты кырсыкка ж-а материалдык бүлгүнгө учуратуучу табият кубулуштары ж-a кырсыктары. Аларга жер титирөө, жана тоолордун атылышы, суу ташкыны, сел жүрүү, кургакчылык, бороон-чапкын, цунами, катуу шамалдар (торнадо, куюн) ж. б. кирет. Негизинен жер шарында болжолдуу 70ке жакын, ал эми Кырг-нда 20дай табигый кырсыктар катталган. А. көбүнчө капысынан болуп, адамзатка ж-a чарбага көп залал келтирет.