АОРСТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:04, 28 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АОРСТОР (гр. Aorsoi) – сармат урууларынын союзу (к. Сарматтар). А. ж-дө Страбон, Пто­лемей, Плиний ж-a Тациттин эмгектеринде маалыматтар бар. А. алгач Арал же Каспий деңиздеринин түндүгүндө жашаган. Б. з. ч. 2-к-да Каспий деңизи м-н Дондун түн. жээгиндеги талааларды ээлешип, андан Кавказга чейин барышкан. А. жоокер, көчмөн эл болуп, негизи­нен малчылык м-н кесиптенишкен ж-a Закавказьенин, Боспор мамлекетинин ж-a О. Азия­нын элдери м-н соода жүргүзгөн. Б. з. 2-к-нда аландар башкарган сармат уруулар союзунун курамына кирген. Оренбург талаалары м-н төмөнкү Волга боюнда б. з. ч. 4–2-к-дагы көрүстөндөр А-го таандык делип жүрөт.