АНЫКТООЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:56, 3 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНЫКТООЧ – сүйлөмдө заттын, окуянын, зат ордуна колдонулган сөздөрдүн сынын, сыпатын, мүнөзүн, санын, иретин же ал заттын башка затка таандык экендигин билдирүүчү айкындооч мүчө (мис., Минген атың жакшы ат болсо, алысты жакындай көр). Атоочтор граммататкикалык жактан баш мүчөлөрдүн бирине багыныңкы абалда туруп, аларга маани жактан айкындык берет, сүйлөмдүн жалпы маанисин кеңейтип толуктап турат.
С.Мусаев.