АНЫКСЫЗДЫКТАРДЫН КАТЫШТАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:24, 22 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНЫКСЫЗДЫКТАРДЫН КАТЫШТАРЫ – квант механикасынын бир эле мезгилде толкун жана бөлүкчө катары каралып, элементардык бөлүкчөлөрү бири бирине айкашпаган, бир убакытта координаталарын жана импульсун өтө так ченөөгө мүмкүн болбогон негизги жоболорунун бири. Ал немис физиги В. Г. Гейзенберг (1927-ж) жана Н. Бор тарабынан аныкталган. А. к. координаталар менен импульстун аныксыздыктарынын (Δх, Δр) өз ара сандык катыштары төмөнкүчө туюнтулат: Планк турактуу саны.