АНТУАН Андре

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:17, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>, а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Файл:АНТУАН 2.png

АНТУАН Андре (31.1.1858, Лимож – 9.10.1943, Полиген) – француз режиссёру, актёр, театр теоретиги. Өспүрүм кезинен театр өнөрүнө кызыккан. Спектаклдерге катышууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн «Комеди Франсез» театрында эмгектенген. Парижде театр ышкыбоздорунун Гальси кружогунун башчысы болгон. Э. Золянын тегерегиндеги жазуучулар (А. Доде, А. Бек, Э. Гонкур ж. б.) менен таанышкан. Парижде Эркин театрды уюштурган (1887), 1897-жылдан «Антуан» театрын жетектеген. 1906-14-ж. «Одеон» театрынын директору. Биринчи жолу Францияда Л. Толстойдун «Караңгылыктын бийлиги» (1888), Ибсендин «Арбактар» (1890) жана «Жапайы өрдөк» (1891), Гауптмандын «Токуучу» (1893) ж. б. спектаклдерди койгон. Өзү да ролдордо ойногон. Ал кинодо да иштеген. «Корсикалык бир туугандар» (Дюмаата, 1917), «Деңиз эмгекчилери» (Гюго, 1917), «Арлезиан аялы» (Доде, 1922) фильмдерин койгон. 1897-жылдан Эркин театрдын артисттери менен Европа өлкөлөрүндө, анын ичинде Россияда гастролдо болгон.