АНТУАН Андре

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Андре (31.1.1858, Лимож – 9.10.1943,

Полиген) – француз режиссёру, актёр, театр теоретиги. Өспүрүм кезинен театр өнөрүнө кызыккан. Спектаклдерге катышууга мүмкүнчүлүк алуу
үчүн «Комеди Франсез» театрында иштеген. Парижде театр ышкыбоздорунун Гальси кружогунун башчысы болгон. Э. Золянын тегерегиндеги жазуучулар (А. Доде, А. Бек, Э. Гонкур ж. б.) м-н таанышкан. Парижде Эркин театрды уюштурган (1887), 1897-жылдан «Антуан» театрын жетекте-
ген. 1906-14-ж. «Одеон» театрынын директору. Биринчи жолу Франция да JI. Тол стой дун «Караңгылыктын бийлиги» (1888), Ибсендин «Арбактар» (1890) ж-а «Жапайы өрдөк» (1891), Гауптмандын «Токуучу» (1893) ж. б. спектаклдерди койгон. Өзү да ролдордо ойногон. А. кинодо да иштеген. «Корсикалык бир туугандар» (Дюмаата, 1917), «Деңиз эмгекчилери» (Гюго, 1917), «Арлезиан аялы» (Доде, 1922) фильмдерин койгон. 1897-жылдан Эркин театрдын артисттери

Файл:'АНТУАН 2.png'

м-н Европа өлкөлөрүндө, а. и. Россияда гастролдо болгон.