АНТРОПОЦЕНОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:09, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТРОПОЦЕНОЛОГИЯ (антропо'... жана гр. kainos – жалпы, logos – окуу) – адамды өзгөчө биосоциалдык түр катары кароо менен анын ке­лип чыгуусун, эволюциясын, курчап турган чөйрөгө таасир этүүсүнүн жалпы закон ченемдүүлүктөрүн аңдап билүү. Адамдын көбөйүшү, ил. техниканын өнүгүүсү менен курчап турган чөйрөгө терс таасирлер көбөйүүдө. Адам өзүнүн жашоосун жакшыртуу үчүн жаратылыш байлыктарын эбегейсиз көп жана үнөмсүз пайдаланат. Андыктан, атмосфера, гидросфера, литосфера булганып, жаратылыш байлыктары улам азаюуда. Бирок, барган сайын «адамдын автотрофтуулугу» жогорулоодо.