АНТРОПОХОРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:38, 28 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТРОПОХОРИЯ (антропо... ж-а гр. choreo - таралуу) – өсүмдүк диаспораларынын адамдын иш аракети аркылуу таралуусу. А. жолу м-н таралуучулар антропохорлор деп аталып, аларга көбүнчө отоо чөптөр ж. б. өсүмдүктөр кирет. Алар сугат суулары, кык ж-а үй жаныбарлары аркылуу; транспорт каражаттары (агестехория) ж-а а. ч. техникалары м-н жер­ди иштетүүдө (э р г а з и о х о р и я), о. эле себүү учурунда үрөн м-н (спейрохория) таралат. Бул эң байыркы маданий өсүмдүктөрдүн (буудай, күрүч, зыгыр) табигый тандалышына алып келген. А-га, о. эле адам аркылуу таралган бардык өсүмдүктөр, алардын ичинде эгилме өсүмдүктөр да кирет.