АНТРОПОСФЕРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:09, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТРОПОСФЕРА (антропе... жана гр. spera – кабык) – адамзатты индивиддердин жалпылыгы катары камтыган социалдык сферанын составдык бөлүгү. 1) адамзат жашаган жер сферасы; 2) бүгүнкү күндө жана келечекте адамдар тарабы­нан түздөн-түз же кыйыр түрдө өзгөртүлгөн, өзгөртүлүүчү, өздөштүрүлүүчү жер жана жакынкы космос чөйрөсү; 3) адамдар тарабынан пайдалануучу биосферанын (географиялык, ланд­шафттык кабыкчанын) бөлүгү. А. социалдык сфера түшүнүгүнүн синоними.
Г. Т. Ботоканова.